• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн кайрымдуулук көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 13.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 11-октябрда жаш сүрөтчүлөр Айбек Ишенбеков менен Данияр Жолдошбековдун кайрымдуулук сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Ишенбековдун айтуусу боюнча, картиналарды сатуудан түшкөн акча каражаты “Колдон колго” долбоорун колдоо максатында кайрымдуулукка жумшалат.

“Биз көптөн бери көргөзмө уюштурууну пландап жаткан болчук. Өз жумуштарыбызды көрсөтүү менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүүнү каалаганбыз. Биз Данияр экөөбүз бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз”,-деди сүрөтчү.

Андан сырткары, Ишенбековдун айтуусу боюнча, сүрөттөрдү бир гана шаар тургундары эмес Казакстан, Кытай жана Түркия элчилигинен дипломаттар сатып алышкан.

Ошондой эле ал көргөзмөнүн жыйынтыгын тууралуу отчет бере тургандыктарын кошумчалады.

Кайрымдуулук көргөзмөсү 30-октябрга чейин уланат.

Дареги Юнусалиев, 142, Галерея күн сайын иш күндөрү саат 11:00дөн 17:00 чейин ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий