• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 18.01.22./Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаардык Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына арналган “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу көргөзмө ачылды.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын ар кайсы жылдарда аткарган эмгектеринин ретроспективасы тартууланган.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: сүрөт, живопись, графикада тартылган. Сүрөт тартууда ар кыл ыкмалар колдонулган.

Сүрөт мектебинин максаты - балдардын чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, аларды Кыргызстандын улуттук маданияты, ошондой эле дүйнөлүк көркөм маданияттын мурастары менен тааныштыруу.

Сүрөт көргөзмөсү 18-январдан 28-январга чейин созулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий