• 79.5
  • 84.83
  • 1.4

Бишкекте “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.01.22./Кабар/. 18-январдан 28-январга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаардык Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына арналган “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардыктарга көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын ар кайсы жылдарда жасаган эмгектеринин ретроспективасы тартууланат.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: сүрөт, живопись, графикада тартылган. Сүрөт тартууда ар кыл ыкмалар колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий