• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаш жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарында азиат түспөлүндөгү 19 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине шаардык милициядан кабарлашты.

Бишкек шаардык ИИБдин маалыматы боюнча, маркумдун денеси кун мурун болжол менен саат 8:00дө Токтогул/Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги Аламедин дарыясынын жанынан табылган. Маалым болгондой, жаш жигит 4,5 метр бийиктеги көпүрөдөн кулап кеткен. Ал Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий