• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө биринчилиги башталды

Спорт 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жаштар арасында бокс боюнча өлкө биринчилиги башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдешке 16-17 жаштагы 124 спортчу катышууда.

Спортчулар 46 кг, 49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг жана 91 кг жогору салмакта күч сынашат.

Өлкө биринчилигинин финалдык беттештери 29-декабрда саат 13:00дө өтөт.

Мелдешти өткөрүүгө Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 61 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий