• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча республикалык чемпионат старт алды

Спорт 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен кабарлашты.

Республикалык чемпионатта өлкөнүн бардык аймактарынан келген 140 спорту катышып жатат.

Мелдеш 19 салмак категорияда: 13 салмак категория эркектер арасында (48, 51, 54,57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92 кг жана 92 кг жогору) жана 6 салмак категория кыздар арасында (48, 51, 54, 57, 60, 75 кг) өтүүдө.

Ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басасы Нурлан Токтоналиев, супервайзер Мырзакерим Токолдошев, башкы калыс Кубаныч Жансейитов, КР Бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкулов катышты.

Белгилей кетсек, республикалык чемпионат 23-январда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий