• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча республикалык чемпионат старт алды

Спорт 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Күн мурун, 20-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сз кызматынан кабарлашты.

Республикалык чемпионатта өлкөнүн бардык аймактарынан 188 мушкер катышып жатат. Мелдеш 13 салмак категориясында: 10 (49, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91 кг жана 91кг жогору) салмак категория эркектер арасында жана 3 (51, 57, 75 кг) салмак категория кыздар арасында өтүүдө.

Ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана мелдештин башкы калысы Турдаалы Оморов катышты.

Белгилей кетсек, республикалык чемпионат 24-январда аяктайт. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чемпионат көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий