• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 1-2-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Чемпионатка балдар 8 салмак категориясында (55 кг, 60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг, 100 жана 100 кг жогору), кыздар дагы 8 салмакта (44 кг, 48 кг, 52 кг, 57 кг, 63 кг, 70 кг, 78 кг жана 78 кг жогору) катышат.

Спорттук мелдеш көрүүчүлөрсүз өтүп, санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат.

Пикир

Оставить комментарий