• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Биринчилик 25-26-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлдү.

Мелдештин биринчи күнү кыздар арасында төрт (44 кг, 48 кг, 52 кг, 57 кг) жана балдар арасында үч (55 кг, 60 кг, 66 кг) салмактык категория боюнча чемпиондор менен байгелүү орундардын ээлери белгилүү болду.

26-февраль күнү калган тогуз салмакта (кыздар: 63 кг, 70 кг, 78 кг, +78 кг; балдар: 73 кг, 81 кг, 90 кг, 100 кг +100 кг) кармаштар жүрүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жаштар арасындагы өлкө биринчилигине Бишкек, Ош шаарлары жана облустардан 275 спортчу: 202 балдар, 73 кыздар катышты.

Аталган иш-чара Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы менен өлкөнүн Дзюдо федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий