• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Жаштар арасында дзюдо чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 13-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектеги “Арча-Бешик” жаңы конушунда орун алган ден соолукту чыңдоо борборунда Азиянын жаштар арасындагы 11-чемпионаты башталат.

Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандагы Азия биринчилигине 18 мамлекеттен 338 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. 1997-2002-жылкы спортчулардын арасында жалпысынан 32 медаль ойнотулат.

Кыргызстандын курамасын 40 спортчу тааныштырат.

Таймаштын биринчи күнү жаш кыздар, балдар арасында 8 медаль ойнотулат.

Оюндун башталышы 10:00 белгиленип, чемпионаттын расмий ачылыш аземи 15:30да болот. Финалдык беттештер 16:00дө башталат.

14-июлда балдар арасындагы таймашта 8 комплект медаль ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий