• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаштар ишкерлигинин улуттук кубогу үчүн мелдеш башталды

Билим 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бишкекте "Келечек-2022” жаштар ишкерлигинин өлкө кубогунун ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бизнес стартап сынагынын ачылыш аземине билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев катышып, келечектеги пландары менен бөлүштү.

“Кудай буйруса студенттер дипломдук иштерди жазбай калышат. Мамлекет алардын стартаптарды өнүктүрүшүнө жана андан ары улантуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Силикон өрөөнүнө барып иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди министр.

Жаштар ишкерлигинин улуттук кубогунда борбор калаадагы жана аймактык университеттердин 16 Enactus командасынын 800дөн ашык студенттери, Start Up School мектебинин командалары жана "Жаш Табышкер" долбоорунун ишкерлери өз долбоорлорун тартуулашат.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү аталган эң күчтүү команда Пуэрто-Рикодо өтө турган “Enactus 2022” дүйнөлүк чемпионатына Кыргызстандын атынан чыгуу укугуна ээ болот. Ал эми 15 стартапка гранттык колдоо көрсөтүлүп, кеминде 5 стартап инвестор табат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Enactus Kyrgyzstan” коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулду.

Маалымат үчүн: Enactus Кыргызстан – бул 925 активдүү студенттерди бириктирген, 100дөн ашуун бизнес лидерлерден жана 33 университеттен турган уюм, адамдардын жашоосун жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн ишкерлердин жардамын колдонууга умтулат

Пикир

Оставить комментарий