• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жаштар президент жана премьер-министр менен жолуга ала турган жай пайда болду

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкекте Жаштар борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ал Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында орун алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаштар борбору тегерек үстөлдөрдү, маалымат жыйындарын, мастер-класстарды жана өлкө башчысы, премьер-министр менен жолугушууларды өткөрүүчү аянтча болот. Анда ишке керек болгон уюштуруу техникасы, интернет жана эмеректер менен жабдылган чоң жана кичи жыйын залдары, интерактивдүү жана компьютердик кабинеттер бар.

Жаштар борборунун ачылышына аталган мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов, статс-катчысы Нуржан Бардинова, Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Алиона Никулита, эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдун “Жаштар үчүн келечек” долбоорунун жетекчиси Кристиана Оерманн, БУУнун баңгизаты жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү Мунара Сулайманова-Тен жана жаштардын республикалык конгрессинин делегаттары катышты.

Агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов борбор жаштардын өзүн натыйжалуу өнүктүрүүсү үчүн жана алардын демилгелери үчүн платформа болуп саналарын белгиледи.

Эске салсак, 12нен 13-ноябрга чейин Бишкекте Кыргызстандын Республикалык жаштар конгресси өттү. Ал 2002-жылдан бери жыл сайын 10-ноябрда белгиленген Кыргызстандын жаштар күнүнө арналган.

Пикир

Оставить комментарий