• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин III жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин үчүнчү жыйыны өттү.

Эдил Байсалов жаштар саясатынын абалына токтолуп, мамлекет жаштарда дүйнө жүзү боюнча талап кылынган заманбап көндүмдөрдү жана сапаттарды өстүрүү үчүн адамдык капиталга инвестиция саларын баса белгиледи.

“Азыр биз үчүн жаштардын өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарын колдоосу маанилүү. Биз жаштарга иштөөгө шарт түзүп, билим беришибиз керек. Бул жөн гана диплом алуу эмес, бул - көндүмдөр, чет тил, жана жаңы технологиялар. Жаштар өзүн ишенимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү сезиши керек. Ал эми биз өспүрүмдөргө жана балдарга инвестиция салууга бардык күчүбүздү жумшайбыз”, - деди Байсалов.

Эске салсак, аталган кеңеш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы №349 буйругу менен түзүлгөн.

Кеңешке 18 эл аралык уюмдун өкүлдөрү кирет. Алар, ЮНФПАнын, ЮНИСЕФтин, БУУнун ФАОнун, ПРООНдун, БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ), ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин өкүлдөрү. Түркиянын (ТИКА), Россотрудничествонун КРдагы өкүлчүлүгү, Корея Эл аралык Кызматташтык агенттиги (KOISA), Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси, Кыргызстандагы Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттиги, ХЕЛВЕТАС өкүлчүлүгү Кыргызстандагы Intercooperation GmbH, Эл аралык Эмгек уюму, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Эл аралык уюму, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фонду кирген.

Кеңештин негизги милдеттери болуп Кыргызстанда мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө жана ведомствосуна барабастан уюмдардын конструктивдүү жана координацияланган ишин камсыз кылуу, ошондой эле ушул чөйрөдө кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий