• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте "Жаштар, тынчтык жана коопсуздук" Форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Бишкекте май айынын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2050 Резолюциясын талкуулоо боюнча, Борбордук Азиянын “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” Форуму өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жаштар саясаты жаатындагы Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түрмөнстандын жана Кыргызстандын министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери катышат.

Июлда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык союзуна мүчө өлкөлөрдүн катышуусунда II Жаштар фестивалы өтөт. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жаштарынын катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, ушул жылдын август айында "Жаш-Булак" республикалык форум-лагери өтөт. 2017-жылы аталган форумга КРдин бардык аймагынан келген 600гө жакын жаштар катышкан.

Ноябрда КР жаштарынын республикалык конгресси өтөт. Программанын максаты – жаштарды жаштар саясатын түзүүгө тартуу.

Пикир

Оставить комментарий