• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаштардын коомду өнүктүрүүдөгү ролуна байланыштуу симпозиум өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Бишкекте 23-декабрда "Кыргызстанда жаштардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу" аттуу II Республикалык илимий-практикалык жаштар симпозиуму өтөт. Бул тууралуу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Кыргыз жараны" концепциясынын контекстинде өтө турган иш-чара "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана президентке караштуу Ж.Абдрахманова атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан уюштурулат.

Жаштар симпозиумунун максаты – "Кыргыз жараны" концепциясын өнүктүрүү үчүн жаштарды активдүү тартуу аянтчасын түзүү болуп саналат. Ал өз ара ишенимдин атмосферасын түзүүгө, маданий айырмачылыктардын көп түрдүүлүгүнө позитивдүү мамиле кылууга, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн көп этностук жана көп конфессиялык шарттарда баалуулуктардын жалпылыгы аркылуу өз ара байытууга жана өнүктүрүүгө салым кошууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Ошондой эле симпозиум Кыргызстанда билим берүүнү, илимий ишмердүүлүктү жогорулатууга түрткү берүү, жаштар коомчулугунун ичинде илимий өз ара байланыштарды чыңдоо жана маалымат алмашуу практикасын кеңейтүү аркылуу жаштарда жарандык аң-сезимди калыптандыруу зарылчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзүүнү көздөйт.

Мыкты эмгектердин авторлору дипломдор менен сыйланышат жана алардын макалалары уюштуруучулардын расмий сайттарында электрондук форматта жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий