• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды

Маданият 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарында жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстандагы элди окутуу” ассоциациялык уюму тарабынан ишке ашырылмакчы.

"Аталган саамалык кечээ, 3-октябрда "Ынтымак" паркын жашылдандыруу иштери менен башталды. Ага министрликтин кызматкерлери да катышты. Маданият жумалыгы 9-октябрга чейин Бишкек шаарында "Келечек" мамлекеттик платформасынын алкагында өткөрүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын мастер-класстар, шаардын экологиясын жана тазалыгын сактоого багытталган бир нече акциялар өтөт.

Ошондой эле каалоочулар үчүн тамак бышыруу искусствосу, сулуулук, кол өнөрчүлүк жаатындагы бир нече мастер-класстар, "Ала -Тоо" аянтында китеп сүйүүчүлөр үчүн флеш-мобдор уюштурулуп, "Ынтымак" паркында жарандардын ден соолугуна кам көрсүүсүнө арналган иога, пилатес, фитнес менен кантип машыгуу боюнча көнүгүүлөр көрсөтүлүп, заманбап бийлерди үйрөнгүсү келгендер үчүн бий студиялары өз өнөрлөрү менен бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий