• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр унааны уурдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр унааны уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда "102" кызматына саат 00:32лер чамасында Октябрь районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 00:30дар чамасында үйдүн жанында токтоп турган "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткендигин айткан.

Ыкчам издөө иш аракеттеринин негизинде шектүү катары 17 жаштагы У.А. жана 15 жаштагы Б.Ч. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (“Автотранспорт каражаттарын айдай качуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий