• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бишкекте жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Кеңешмеге Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.Раимбачаева, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Кенжебаева, Бишкек мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары В.Мозгачева, Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Бишкек шаардык милициясынын, Кайгуул кызматынын өкүлдөрү, муниципалдык администрация башчыларынын орун басарлары, ошондой эле райондук билим берүү борборлорунун директорлору катышты.

Кеңешме тез чара көрүү аракеттеринин алгоритмин күчөтүү жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө директорлор тарабынан мектептин иштеши боюнча сунуштар жана каалоолор айтылды, аларды чакырылган түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана депутаттар эске алышты.

Пикир

Оставить комментарий