• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сугаруу иштерине «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери гана эмес, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жашылдандыруучуларга «Ынтымак» сейил багында суу ташуучу катары кызмат кылган ИИМдин 3 атайын унаасы жардам көрсөттү.

Мындан тышкары, 20 суу ташыгыч 5 жолу каттап, Бишкектин Панфилов, Профсоюз, Москва, Баялинов, Токтогул, Ахунбаев, Масалиев, Токомбаев, Шералиев жана башкалар көчөлөрүн сугарды.

Сугаруу иштери саат 19:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин улантылды.

Пикир

Оставить комментарий