• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жашылдандыруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Бишкектеги 5-кичи районунда “Таза жашоо” улуттук кампаниянын алкагында 48 көчөт отургузуу уюштурулган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, БШКнин депутаттары жана 5-кичи райондун тургундары катышкан.

Октябрь районунун администрациясы жалкы шаар тургундарын калааны жашылдандыруу иштерине жана ишемибиликтерге активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий