• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жаз айынан бери дайынсыз болгон Солто Сталбек уулу изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук милициясы дайынсыз жоголгон Солто Сталбек уулуну издөөдө. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде А.С. аттуу аял 29 жаштагы Сталбек уулу Солто уулу 22-апрелде саат 18:00дөр чамасында Учкун кичирайонундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айтып милицияга кайрылган.

Белгилери: бою 170-175 см, толук, чачы кыска.

Кийими: кийизден жасалган баш кийим, көк түстөгү свитер, өңү кара жука куртка, спорттук шым, спорттук бут кийим.

“Кимде-ким Солто Сталбек уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо 0 702 49-88-88, 0 772 84-73-36, 0 557 11-94-10, 0 709 33-24-63 номерлерине жана “102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий