• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте "Жаз Деми" жарым марафон өтөт, байге фонду 192 миң сом

Коом 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарында 14-апрель күнү "Жаз Деми" аталышындагы массалык жарым марафон өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара эртең саат 9:30 "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде башталат. Катышуучулар Бишкек – "Манас" аэропортун байланыштырган жолдо чуркашат. Чуркоо дистанциясы 5, 10 жана 21 км деп пландалган.

Старт менен финиш "Аска-Ташта" комплексинде белгиленген. Быйылкы жарым марафон жалпысынан 1500 адам катышуусу күтүлүүдө.

Байге фонду 192 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий