• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жаза өтөөдөн жашырынып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери жаза өтөөдөн жашырынып жүргөн мурда соттолгон жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну Бишкекте кармалды.

Кармоону ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облустук милициясынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн.

Ж.С. 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүмү ("Айдап качуу"), 123-беренесинин 2-бөлүмү ("Адамды уурдоо") жана 170-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап акча талап кылуу") боюнча соттолуп, катуу режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан.

Бирок 2019-жылдын июль айында Ысык-Ата райондук сотунун токтому менен Ж.С. Ново-Пакровка айылында жайгашкан №3 мекемесинен 2 жыл 6 айга мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө үчүн бошотулган. Андан соң аны жашаган жери боюнча каттоого Чаткал району боюнча Пробация органына жөнөтүшкөн.

2020-жылдын январь айында Чүй облустук сотунун аныктоосу менен биринчи инстанциядагы соттун мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө боюнча токтому жокко чыгарылган.

ИИМдин маалыматы боюнча Ж.С. жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашты.

Мындан ары жаза мөөнөтүн өтөө үчүн ал ЖАМКтын имаратына жеткирилди. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж.С. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Пикир

Оставить комментарий