• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жазгы ишембилик башталды

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Бишкекте жазгы ишембилик башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-мартта борбордун төрт районунда калаанын 2 миңден ашык тургуну ишембиликке чыккан.

970тен ашык Биринчи май районунун тургундары жана акимиаттын өкүлдөрү биргеликте 142,0 миң чарчы метр жерди жана ирригациялык түйүндөрдү тазалашкан. Жыйынтыгында 18 куб.метр таштанды чыгарылган.

Ишембиликке Түштүк-2 кичирайонунун, “Салам-Алик”, “Щербаков” жана “Аска-Таш” конуштарынын тургундары активдүү катышкан.

Ошондой эле ишембилик Ленин районунун аймагында болуп өттү. Ишебиликке жашоочулар, техникалык окуу жайлардын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери, соода түйүндөрдүн сатуучулары, “Тазалык” жана “Бишкекжашылдандыруучарбасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Ленин райакимиаттын жана башка райондук ишканалардын өкүлдөрү болуп, жалпысынан 1 миң 280 адам массалык тазалоо иш-чарасына катышты.

Жыйынтыгында 64 миң чарчы метр жер тазаланган. Анын ичине 35 үйдүн короолору, 15 балдар аянтчасы жана 5 коомдук жайлар кирет. 16 куб. метрден ашык таштанды чыгарылды.

Ошондой эле Октябрь жана Свердлов райондорунда да ишембилик өттү.

Пикир

Оставить комментарий