• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жазында 1,2 млн гүл отургузуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Шаардык мэриянын “Бишкек жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы апрелдин аягында 1 млн 200 миң бир жылдык гүлдөрдү отургузууну пландоодо. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылдын февралынын башында ишкананын күнөсканаларында 20дан ашуун түрлөрдүн жана бир жылдык гүлдөрдүн 30 сортунун уругу себилген.

Ушул жазда борбор шаарда сальвия (3 түрү), катарантус (3 түрү), колеус (3 түрү), тагетис (10 түрү), далия (3 түрү), петуния, лобулярия (3 түрү), астра, вербена (2 түрү), цинерария, целозия жана агератум гүлдөрү өстүрүлмөкчү.

Бишкекте жалпысынан 2,8 га жерге бир жылдык, 3,7 га аянтка розария отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий