• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Бишкекте жеңил атлетика боюнча 21-эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Иш-чара Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16-17-июнь күндөрү өттү.

Эки жүзгө жакын спортчулардын арасында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандын жеңил атлетчилери болду.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандык спортчулар беш алтын, алты күмүш жана беш коло медаль утту.

Мелдешти өткөрүү үчүн спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциядан 634 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий