• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өткөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 13-14-январда Дене тарбия жана спорт академиясында болуп, спортчулар 16-17 жаштагы, 18 жаштагы жана андан жогорку жаштагы топтордо ат салышышты.

Жарышка Бишкек, Ош шаарларынан жана өлкөнүн бардык облустарынан болуп 300дөн ашык спортчу катышты.

Чемпионатка катышуучулар узакка жана бийиктикке секирүү, ядро түртүү, 60, 200, 400, 800, 1500, 3000 метрге жана тоскоолдуктар менен 60 метрге чуркоодо күчүн сынашты.

Жеңүүчү аталган жана байгелүү орундарга илинген спортчуларга диплом жана медаль менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий