• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жеңил атлетика боюнча жабык имаратта Кыргызстандын чемпионаты аяктады

Спорт 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарында жеңил атлетика боюнча жабык имаратта Кыргызстандын чемпионаты аяктады, - деп кабарлайт Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы.

Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, 14-15-январда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өспүрүмдөр (2004-2005-жылы туулган) арасында жана (2003-жылы туулган) андан улуу кыз-келиндер жана эркектер арасында жеңил атлетика боюнча жабык имаратта Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке өлкөнүн 6 облусунан (Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен) жана Ош, Бишкек шаарларынан келген жалпы 240 спортчу катышты.

Спортчулар 3000, 1500, 800, 400, 200, 60 метр аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып мелдешишти.

1-2-3-орундарды ээлеген спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын тиешелүү диплом, медалдары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий