• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Кечээ, 14-мартта Бишкекте жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн 5 облусунан (Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас) жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөй спортчу катышты.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий