• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте жеңил унаа аялдамада турган адамдарды сүзгөн — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта саат 10:00дөр чамасында борбор калаанын Чүй проспектисинде (Чыгыш-5 кичирайону) “Ауди” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай аялдамада турган адамдарды сүзүп кеткен.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, унаа эне-баланы жана эркек кишини сүзүп, тротуарга чыгып кеткен. Тез жардам кызматы тарабынан эне-бала ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий