• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жеңил унаа электр карагайын сүздү. Жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бишкекте жеңил унаа электр карагайын сүзгөндүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн болжол менен саат 14:30да "Мазда 626" үлгүсүндөгү унаа Анкара көчөсүндө чыгыштан батыш тарапка бара жатып электр карагайын сүзгөн.

Жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Чогултулган материалдар текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий