• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жеңил унаа тез жардам унаасын сүзүп, жол кырсыгынан эки дарыгер жабыркады (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрель күнү Жал кичи районунда тез жардам унаасынын катышуусу менен жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, жол кырсыгы болжол менен саат 11:00дө Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, "Toyota" унаасы тез жардам унаасын сүзүп алган.

Жол кырсыгынан 2 дарыгер жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Жеңил унаанын айдоочусу жана тез жардам унаасындагы бейтап жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий