• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жеңил унаа жүк ташуучу унаа менен кагылышты. Төрт адам кырсыктады

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Бишкекте жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагылышып, төрт адам кырсыктады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма кызматы билдирди.

Башкармалыктан билдиришкендей, 3-июнь күнү болжол менен саат 23:30да К.Г., аттуу айдоочу "Ниссан-Рнесса" үлгүсүндөгү унаасы менен Карасаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Ж.Пудовкин көчөсүндө А.Б., аттуу айдоочу айдаган "Мерседес Бенц" жүк-жүргүнчү ташуучу унаа менен кагылышкан.

Жыйынтыгында 4 адам кырсыктап, ооруканага жеткирилген.

Унаалар айып аянтчасына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий