• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаарында саат 12.40тар чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу агенттикке Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордун Профсоюзная жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде BMW үлгүсүндөгү унаа 50-55 жаштардагы аял кишини сүзүп кеткен. Унаа сүзүп кеткен жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Айдоочу кармалып, унаасы айып аянтчасына токтотулду.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий