• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте майрамга утурлай согушта курман болгондор эскерилди

Коом 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Бишкекте майрамга утурлай согушта курман болгондор эскерилди, деп билдирет Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 23-февралда – Мекенди коргоочулардын майрамын утурлай Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өчпөс отко гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгондорду эскеришти.

Иш-чарага КР Коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиеав, Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, шаар туургундары, мектеп окуучулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий