• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган бий флешмобу өттү

Маданият 0

Бишкек, 7-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Кечээ Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына карата бий флешмобу жана аскер ырларынын концерти өттү.

Иш чаранын уюштуруучулары – “Евразиялыктар - жаңы толкун” фонду жана «Bishkek Park» соода-оюн зоок комплексинин администрациясы.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттеринен турган 72 жуп Жеңиш күнүнө арналган вальсты аткарышты.

Ардагерлердин алдында “Ак турналар” аскер ырларынын сынагынын финалисттери “Май вальсы”, “Жалын”, “Турналар”, “Кызарып күңдүн батканы”, “Жеңиш оңой келген жок”, “Жеңиш күнү” чыгармаларын аткарып беришти.

Мындан тышкары, 9-майда Жеңиш аянтында Бишкекте “Евразиялыктар - жаңы толкун” фонду “Жеңиш вальсы” бий акциясын өткөрөт. Ага борбордун 15 ЖОЖунан 1000ге жакын студент катышат.

Пикир

Оставить комментарий