• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата “Алар жашоо үчүн өмүр беришкен” сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 4-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган “Алар жашоо үчүн өмүр беришкен” сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Экспозициянын негиздерин буга чейин көргөзмөгө коюлбаган, согуш маалында жарыяланып, советтик чек арачылардын фронттордогу ишмердигин чагылдырган плакаттар, сүрөт гезиттер түзөт.

Жеңиш күнү белгиленген соң, көргөзмө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер уюмуна аскер кызматкерлери арасында мекенчилдик иштерди, Кыргызстандын мектептеринде Чек арачынын күнүнө карата чек арачылардын катышуусунда эрдик сабактарын уюштуруу максатында өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий