• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган стол тенниси боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-14-ноябрында Бишкекте стол тенниси боюнча Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз СССРдин спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган XXVII эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан КР Стол тенниси ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Эл аралык турнир эркектер жана аялдар арасында 45 жашка чейинки жана андан жогорку курактагы эки тайпада жеке таймашта, жынысына жана жашына карабай жупта ойнолот.

Эл аралык турнирге Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын спортчулары чакырылган.

Катышуучуларды онлайн каттоо: 2021-жылдын 12-ноябры саат 18:00гө чейин whatsapp номери: 0 (501) 241234.

Сынактын башталышы: 2021-жылдын 13-ноябры саат 10:00, ал эми сынактын ачылышы: 2021-жылдын 13-ноябры саат 13:30.

Пикир

Оставить комментарий