• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ЖЕЭК жыйыны жана ЖККУ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусу аяктады

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-өлкө башчылардын бейформал жолугушуусу жыйынтыкталды.

ЖЕЭКке Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армения – Серж Саргсян, Казакстан – Нурсултан Назарбаев, Россия – Владимир Путин, Беларусь – Александр Лукашенко, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана ЕАЭБге байкоочу өлкө макамында өз өлкөсүн көрсөткөн Молдованын Президенти Игорь Додон катышты.

ЖККУ жолугушуусуна КР Президенти Алмазбек Атамбаев, Армениянян Президенти Серж Саргсян, Россиянын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышты.

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий