• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Жээнбеков менен Путиндин расмий жолугушуу аземи башталды

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи башталды.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча алгачкы мамлекеттик визит менен келди.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырды, мамлекеттик желектер илинди.

Мамлекеттер башчылары КРнын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашып, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Андан соң эки мамлекеттердин башчылары чакан чөйрөдөгү жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий