• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жеке менчик мейманканасынан өрт чыкты – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын С. Лазо кыска көчөсүндө жайгашкан жеке менчик мейманканасынан өрт чыккан, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыгач устундуу темир жабылган аянты 150 чарчы метр жеке менчик мейманкананын чатыры, 80 чарчы метр керме шыбы 8 даана пластик терезе, 4 эшик, 4 керебет, 4 үстөл, 8 орундук, 4 сыналгы, 4 шифоньер, ашкана эмереги, кир жуугуч машина, газ плита, муздаткыч күйгөн.

Өрт тиричилик электр шаймандарынын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий