• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Железнова Васса мать” спектакли көрсөтүлөт

Маданият 0


Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. 18-апрелде саат 19:00дө Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Россиянын Свердлов драма театрынын "Железнова Васса мать" спектакли көрсөтүлөт, анын режиссеру Уланбек Баялиев. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Эл артисти, Театралдык искусство союзунун президенти Мелис Шаршенбаев билдирди.

Анын айтымында, спектакль “А.А.Брянцев атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын эл аралык театралдык фестивалы КМШ өлкөлөрүндө” долбоорунун алкагында көрсөтүлөт.

Фестивалдын өзү 2023-жылдын 4-апрелинен 11-майга чейин өтөт, анын алкагында Санкт-Петербург фестивалынын ар кайсы жылдардагы эң мыкты спектаклдери көрсөтүлөт. Долбоор Россиянын Маданият министрлиги тарабынан колдоого алынган.

"Бул долбоор Россиянын, анын аймактарынын жана чет мамлекеттердин салттуу маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо, аймактар ​​аралык жана эл аралык маданий алмашууну өнүктүрүүгө салым кошуу максатында иштелип чыккан жана бир катар визиттик театр фестивалдарынын уландысы болуп саналат.

Мындай фестивалдык долбоорлор буга чейин А.А. Брянцеватындагы Жаштар театры тарабынан Эстониянын Таллин, Пярну жана Йохве ​​шаарларында (2010, 2011, 2014), Крымдын Ялта жана Симферополь шаарларында (2015), ошондой эле Франциянын Авиньон шаарында (2016) ишке ашырылган.

Бул долбоордун алкагында көрсөтүлгөн спектаклдер көрүүчлөрдүн кызыгуусун жаратып, маданий жашоодогу маанилүү окуя болуп калды", - деди РФ Свердлов мамлекеттик академиялык театрынын директору Алексей бадаев.

"Железнова Васса мать" спектакли 2 саат 35 мунөткө созулат (бир антракт менен).

- режиссер-коючусу - Уланбек баялиев;

- сүрөтчү-коючусу Евгения Шутина;

- коспозитору Фаустас Латенас;

- жарык берүү боюнча сүрөтчүсү - Талас Михалевский.

Режиссер Уланбек Баялиевдин айтымында, спектаклдин жаратуучулары Железновдордун үй-бүлөсүнүн жеке тарыхынан Максим Горькийдин баатырлары жашаган өлкөнүн чексиз өзгөрүлмө жана чексиз өзгөрбөс тарыхынын чагылышын табууга ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий