• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте желимдөө жайында өрт чыгып, эки адам күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан желимдөө жайында өрт чыгып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, желимдөө жайында 20 чарчы метр эс алуу бөлмөсү, 15 даана дөңгөлөк, 2 даана матрац күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган К.Э жана 1999-жылы туулган Ш.Ю аттуу эки жаран 1-даражадагы күйүк алышкан.

Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий