• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жер алдындагы өтмөктөр оңдолот

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, борбор калаанын көрүнүшүн жакшыртуу максатында жер алдындагы өтмөктөр оңдолот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда башкармалык Чүй жана Манас проспектилеринин, Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсү менен кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөрдү капиталдык оңдоого сынак жарыялады.

Жер алдындагы өтмөктөрдүн абалын жакшыртуу максатында жерин жана дубалын жаңылоо пландалууда. Мындан тышкары, заманбап материалдарды колдонуу менен шыбы дагы оңдоодон өтөт, жарыктандыруулар жана эски тепкичтер жаңысына алмаштырылат. Өтмөктүн төрт тарабына тең металл конструкциясынан бастырма тургузулат.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жер алдындагы өтмөктөрдөн өтүүсүн жеңилдетүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу менен азыркы пандустар жаңыртылат.

Пикир

Оставить комментарий