• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жетим балдарга жөлөкпулдар жана белектер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Бишкек шаары жана Чүй облусундагы жетим балдарга жөлөкпулдар жана белектер тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги соода-оюн-зоок борборлорунун биринде майрам уюштурулуп, ага Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашаган жетим балдар чакырылган. Иш чарага эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева жана “Ассанабил” Кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Мохаммед Абдулькарим катышты.

"180 жетим балага бир жылдык 27500 сомду түзгөн жөлөкпулдар жана белектер тапшырылды", деп айтылат билдирүүдө.

“Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, 2020-жыл президент тарабынан “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”, деп жарыяланды. Министрлик тарабынан, өзгөчө быйылкы жылы турмуштук оор кырдалга кабылган балдарга, үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт. Ал эми “Ассанбил” жана башка кайрымдуулук фонддор мамлекеттин саясатын туура түшүнүп, тыгыз кызматташуунун негизинде жардам көрсөткөнүңөргө ыраазычылык билдирем. Фонд жер-жерлерде социалдык объекттерди куруп, калктын эң аялуу катмарына акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө”, - дейт Улукбек Кочкоров.

“Ассанабил” Кайрымдуулук фонду өлкө боюнча 355 балага жалпы суммасы 8 млн 552 миң сом түзгөн жөлөкпул таркатат.

Пикир

Оставить комментарий