• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ата-энеси жок балдар үчүн атка минүү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акимиаты "Гайд Парк" эс алуу борбору менен биргеликте жетим жана жарым жетим балдар үчүн атка минүү уюштурду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти ыңгайлуу автобустар менен жолугушууга барып келүүгө жардам берди. Өз кезегинде, Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери коштоп жүрүштү..

"25 балага ат минүү, зоопаркка баруу жана даамдуу түшкү тамак даярдалды. Ар бири балага абдан позитивдүү эмоциялар, сергектик жана жакшы маанай тартууланды. Балдар кийинки жолугушууну чыдамсыздык менен күтүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында багуучусунан ажыраган 544 бала каттоодо турат, анын ичинен 480 бала ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган, 64 бала томолой жетим (Социалдык фонд аркылуу 35 бала социалдык пенсия алат).

Биринчи май районунун акимиаты «Гайд Парк» эс алуу борборунун жетекчилигине эң кызыктуу эс алуу үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий