• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте жеткинчекти сүзүп кеткен маршрутканын айдоочусу кармалды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Бишкекте жеткинчекти сүзүп кеткен маршрутканын айдоочусунун өздүгү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 7-февралда саат 11:30дар чамасында такталбаган унаа 7-апрель көчөсү менен түндүк тарапка бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийинден өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен видео соцтармакта тараган.

Жол кырсыгынан 6 жаштагы Ж.Н. аттуу бала жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы Б.Р. аттуу айдоочусу шектүү катары кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий