• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Жибек жолундагы өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын IV көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Жибек жолундагы өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын IV көргөзмөсү ачылды

Иш-чараны КРнын Соода-өнөр жай палатасы, кыргыз-кытай соода-инвестициялык палатасы жана Хуахэ Интернейшнл бизнес-консалтинг түзүмү уюштурган.

Жарманкеге Кытай Эл Республикасынын 35 компаниясынын товарлары коюлган.

Эксперттердин маалыматына караганда, 2017-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануу 1,5 миллиард долларды түзгөн, бул көрсөткүч азыр да өсүп жатат.

Андан сырткары КЭР башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин өлкөгө алып келген инвестицияларынын көлөмү боюнча алдыңкы орунда.

Бул жолу жарманкеге тамак-аш, жеңил өнөр жай, нефтехимиялык өндүрүш жана селитра, мотор майлары, электр кабелдери, электр техникалык өндүрүш, аттракциондорго техникалар жана башкалар менен алектенген компаниялар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий