• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ЖКККБнын инспекторлору суицид жасоого аракет кылган 9-класстын окуучусун сактап калышты

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 3-октябрда саат 18:45 чамасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору Төлөн Кожокматов жана Байыш Эшбергенов Лев Толстой көчөсүндө кызмат өтөп жатып окуучу кыздын көпүрөдөн боюн таштайын деп жатканын байкап калышкан.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар көпүрөгө жакындап барышканда кыз акыркы күчү менен темирди кармап турган. Инспекторлор аны кармап калууга жетишкен. Жанынан өтүп жаткан адамдар кызды куткарууга жардам беришкен.

Кыз унчукпай ыйлап, сүйлөшүүдөн баш тарткан. Инспекторлор 102 кызматына чалып, кызды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилүү болгондой, кыз 9-класстын окуучусу. Ал үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдөн улам депрессияга кабылып, бул кадамга барууну чечкен.

Пикир

Оставить комментарий