• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте ЖККУ коргоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин коргоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө.

Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын делегациялары Борбор Азиядагы коркунуч, чакырыктар боюнча пикир алышып, тажик-афган чек арасындагы чыңалууну азайтуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү маселелерин талкуулашууда.

Башкы штабдын басма сөз кызматы билдиргендей, коргоо министрлери бир катар документтерди, алсак келерки жылга жамааттык коопсуздук системасынын күч жана каражаттарын түзүү жана башкаруу органдарын даярдоо жана тышкы саясат, коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча консультация планын карашат.

Ошондой эле, 11 чечимге, аны менен бирге ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоосу боюнча чечимге кол коюу планданган.

Белгилей кетсек, бул жылы Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий